Бүгүн, 5-июнга карата коронавирус боюнча өлкөдөгү абал айтылууда. Онлайн брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев, оорулардын алдын алуу жана санитардык эпидемиологиялык департаменттин башчысы Абдыкадыр Жороев маалымат берүүдө.
Нурболот Үсөнбаев: "Коронавирус менен ооруган бир эле адамдан 20-30 чакты адам оору жугузуп алган учурлар болууда. Жарандарыбыз бизди укпай калды, бул оору абдан жугуштуу экенин жөн жерден айткан жокпуз да. Ага карабай жарандар өздөрүн өтө бош алып жүрүшөт, жөн эле бет капты да такпай калышты. 8 миңдей кишини үй карантинине алдык, көзөмөлдө болушту, бирок алар да эрежелерди бузуп жатышат. Сөзсүз эле айып салып, тилдеп, урушуш керек эмес да. Бардыгыбыз жоопкерчиликтүү болушубуз керек".
Абдыкадыр Жороев бүгүнкү күндө коронавирустун жайылышынын алдын алуудагы эрежелер тууралуу айтты.
Алардын негизгилеринин бири бет кап маселеси.
"Айрым чет өлкөлөрдө бет кап кийүү эрежелерин бузгандарга айып салынып келет. Биздин өлкөдө да санэпид эрежелер иштелип чыккан, биз күбө болуп жатабыз, учурда көптөгөн жарандар аны такпай жатышат. Бет кап оорунун жугушунун, жайылышынын алдын ала турган куралдардын бири", - деди Жороев.
Ушул тапта коронавирус менен ооруган 3 бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат. Жалпысынан 574 адам аталган илдет менен күрөшүүдө, буга чейин айыгып, ооруканадан чыккандардын саны 1 340. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары бүгүнкү күнгө карата 37 адамдан оору табылгандыгын, алардын көбү оору бар деп шектелип обсервацияда жаткандар экенин билдирди. Мындан тышкары ал чет элден келгендерден да оору көп аныкталып жатканын белгиледи.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык 6 кызматкерден коронавирус табылды:
• Бишкек шаарында – 2;
• Ош шаарында – 1;
• Нарын облусунда – 3.
Ал эми стационарлардан сутка ичинде 2 медкызматкер айыгып чыкты.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу 378 медициналык кызматкерлерге коюлду. Алардын ичинен 272 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.
"Жалпы республикалык тесттерди өткөрүүдө бүтүрүүчүлөр арасында байланышты мүмкүн болушунча азайтуу алгоритми каралып жатат. Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте бул маселе талкууланууда. Эми ички жана тышкы авиакаттамдар, унаа каттамдары ишке кирет, ар бирибиз коопсуздук эрежелерди сакташыбыз керек", - деди саламаттыкты сактоо министринин орун басары.
Үсөнбаев үймө-үй кыдырып, медициналык текшерүү жүрүп жаткандыгы боюнча айтты.
"Дарыгерлер үйлөрдө оорунун белгиси болсо да медкызматкерлерге кайрылбай жаткандар барбы деп кыдырып текшерүүгө алууда. Телефон аркылуу да байланышып сурап жатышат. Мен жарандардан суранат элем 108 кыска номуруна чалып кандайдыр бир белгилер болсо айтыңыздар. Кээде оору билинбесе деле эмнеге ооруканага жаткырасыңар деген суроону беришет, биринчиден анда инфекция бар болгондугунда болуп жатат. Ал үйгө чыкса жанындагыларга жугузат, өзгөчө улгайган адамдар коронавирустун алдында бир аз алсыз, биз аларга оору жайылышынын алдын алышыбыз керек", - деди Үсөнбаев.
Өлкөдө дагы 2 адам коронавирустан көз жумду. Алар оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатышкан.
"Алардын бири 80 жаштан өтүп калган адам, оору оор формада өтүп ушундай болуп калды. Ал кант диабетинен да көп жылдан бери жабыркап келген экен. Экинчиси, 34 жаштагы аял киши Ош облустук ооруканада дарыланып жаткан. Өзү лейкоз оорусунан дарыланып ооруканада жаткан экен, ошол жерде инфекция барлар менен контакт болуп жуктуруп алган экен. Ошондо лейкоз оорусу да күч алып кетти. Бул жаран да, тилекке каршы, каза болуп калды. Туугандарына көңүл айтабыз", - деди Үсөнбаев.
Муну менен бул инфекциядан 22 адам каза болду.
5-июнга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясы дагы 37 адамдан аныкталды. Муну менен өлкөдө ооруну жугузгандардын жалпы саны 1 936га жетти.
Үсөнбаев бир сутка ичинде ооруканадан 48 бейтап чыгарылганын маалымдады. Алардын ичинен:
Бишкек шаарынан – 7;
Нарын облусунан – 29;
Ош шаарынан – 9;
Ош облусунан – 2;
Жалал-Абад облусунан – 1 адам чыккан.
Республика боюнча жалпы 1 340 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.