Ооруканага түшкөн Фёдор Емельяненконун учурдагы абалы белгилүү болду

Коронавирус жуктуруп алып ооруканага түшкөн легендарлуу орусиялык мушкер Фёдор Емельяненко учурда өзүн жакшы сезип жатат. Мындай билдирүүнү мушкер өзү социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Менин ден соолугум үчүн чын жүрөктөн кабатыр болгондордун бардыгына рахмат. Азыр өзүмдү жакшы сезип жатам. Дарыгерлерге жана медициналык кызматкерлерге камкордук көрсөткөндүгү үчүн ыраазымын", - деп жазды ал.

Буга чейин легендарлуу мушкердин коронавирус жуктуруп алып Москва шаарындагы ооруканалардын бирине түшкөндүгү кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан