Биз социалдык тармакта

"Кескин тыюу салууга болбойт!". Муфтийдин орун басары жоолукчан окуучуларды мектепке киргизбей жаткан учурлар көп катталып жатканын айтып чыкты

Акыркы күндөрү жоолук маселеси боюнча муфтиятка ар кайсы аймактардан көптөгөн кайрылуулар жана даттануулар келип түшкөн. Айтымдарында, алар жоолуктун айынан мектеп жашындагы кыздарын мамлекеттик билим берүү мекемелерине жибере албай калышкан.

Айрым мектеп директорлору жана мугалимдери мектептин ички уставына таянып, диний үй-бүлөлөрдүн кыздарын мектепке жоолуксуз келүүсүн талап кылган жагдайлар көбөйгөн. Бул тууралуу муфтийдин орун басары Кадыр Маликов социалдык желедеги жеке баракчасына маалымат жарыялады.

Анын айтымында, бул позиция зулумдукка, акыйкатсыздыкка алып келет.

"Анткени бул абал диний үй-бүлөлөрдүн балдарынын билим алуусуна тоскоолдук жаратат. Жоолукту же окууну тандаш керек деген талап туура эмес. Жоолук салынуу ар кимдин өз тандоосу, илим алуу – бул милдет”,- дейт Маликов.

Ал ошондой эле СССРдеги атеизм, адамдар ишенимин жүрөктөрүнө катып турган мезгил эчак өткөнүн белгилеген.

“Дин тутуу эркиндиги жана бардык жарандар үчүн милдеттүү билим алуу укугу жөнүндө Конституциялык укуктарга токтолуп, биз бул жерде ачыктан-ачык мыйзам бузууларды жана өзүм билемдикти көрүп жатабыз. Мектептерде жоолук салынуу маселесинен улам өлкөдөгү чыр-чатактуу кырдаалдардын көбөйүшү, динге ишенгендерди мамлекеттен алыстатып, көйгөйдү идеологиялаштырууга алып келиши мүмкүн деп айткым келет. Биз агрессивдүүлүккө жол бербей, бардык тараптардын (мамлекеттик органдар, укук коргоочулар, ар кандай коомдук уюмдар, муфтият ж.б.) катышуусу менен конкреттүү иштерди талкуулоо менен чечишибиз керек. Бул көйгөйдү акылга сыярлык чечимдерди издеп, аны ишке ашыруу менен гана чечүүгө болот. Биз укук эркиндиктеринин тең салмактуулугун издеп, бири-бирибизди угуп, ар бир жарандын диний жана светтик баалуулуктарын сыйлашыбыз талапка ылайык”, - деп сөзүн жыйынтыктаган Маликов.

Ошол эле учурда мектеп окуучулары жоолук салынгысы келбей, аларды ата-энелери мажбурлай турганын айткан жарандар да бар.

Муфтият Билим берүү жана илим министрлигине бул боюнча кайрылуу катын даярдоону пландап жатканы маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
SHahabidin-jabborov
2021-01-23 15:50:32
Лейлек районунлагы А.Файзиев атындагы мектеб Директорудан Аллах раазы болсин!Тоскулдук жок!
+12
bratanyn
2021-01-23 16:10:42
Жоолук салынуу бул ыймандан.Көрүп атабыз жашы алтымышка таяп калган апаларды.Жоолугу жок төбөсүндө төрт сары чачы бар!Көзүңө албастыдай көрүнөт! эркек же аял экенин билбейсиң.
+4
EddieNigma
2021-01-23 17:13:35
Headjob кийгендин смыслы эмнеде? Таксырлар айткылачы.
-2
akskg
2021-01-23 17:22:14
EddieNigma, Аллах Таала буйруган.
0
Janyl98
2021-01-23 17:56:57
akskg,
Аллах таала эч кимге буйрук берген эмес. Диндеги баардык эрежени адамдар оздору ойлоп чыгарышкан. Эркектик касиетке жарабай калып, тигил жагы турбай калып, кыздардан толук умутун узгон эркектер кыздар жонундо дайымп терс пикирде.
-4
nazira...
2021-01-23 17:39:52
Мусулман эмес кыргыздар көп окшойт, мен кыргыздардын баары эле мусулман деп жүрдүм эле. Мына сага тарбия, эми булар балдарын кайсы динге тарбиялашат. Жок дегенде көзү өтүп кеткен адамдарына куран окушат болду бекен.
+5
nazira...
2021-01-23 17:50:02
Жолукка келсек, кичине 6-класска чейинки кыздарга кийгизбей эле койгулачы, жүдөтпөй. Бирок динден таалимди үйдо үзбөй окуй беришет. Чонойуп өзүн өзү карап, эптеп калганда кийе беришсе болот го. Совет убагында жолук кийбей, бирок намазды калтырбаган аялдар иштеген экен, бекинип отурган столунда окушчу дешет. Намаздары кабыл болсо керек ошолордун. Акыр заман болуп кетет эле го ошол убакта, азыр шүгүрчүлүк.
0
Agayu
2021-01-23 22:14:29
Диндин баары придуманный нерсе .Элди башкарыш үчүн болгон убагында .Азыр мыйзам деген бар .Мыйзамды сыйлаган калктар өнүгүп өсүп жатышат.А биздин тилегибиз өнүгүп өсүш.
0
SHahabidin-jabborov
2021-01-24 07:15:42
Agayu,динсиз адам айбан сияктууу....
0
arimaz89
2021-01-24 07:08:30
6 менен 9ду ортого коюп алып талашкандан эч нерсе өзгөрбөйт. Башкача көрүш үчүн экинчи тарапка өтүш керек. Демек, талашып кереги жок бул теманы.
+3
jalgyzymsyn
2021-01-24 13:11:48
Садыр аваңар Пайгамбардын жолун жолдойт деген сөз болду эле, эми көрөбүз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан