23-январда "Мен ырдасам - мен жашайм" аталышындагы концерт Кожомкул атындагы спорт ордосунда өттү. Иш-чарага өлкөнүн жети дубанынан келген ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана Кыргыз эстрада жылдыздары катышты.
Концертке Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева, ырчылар Алмаз Шаадаев, Роза Шакирова, Дайыр Исмадияров, Нурмат Садыров, Айнура Салахидинова, Иляз Абдразаков, Кызсайкал Кабылова, Адилет Акай, куудул Гүлжайна Атаканова, "Эксклюзив" бийчилер тобу жана башка көптөгөн эстрада ырчылары катышты.
Белгилүү ырчылар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгени менен таланты, кыялы, тилеги жагынан чектелбеген аракетчил, өжөр балдар менен чогуу номерлерди аткарышып келген коноктордун купулуна толуп жатышты. Бул кечеге таланттуу балдардын жакындары жана сахна толгон эл келип, алардын колдоосу менен эң жакшы маанайда өттү.
Концертти "Эне эмгеги" фонду уюштурган. Фонддун жетекчисинин айтымында, концерттен түшкөн каражат ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын гастролдук концертине жумшалат.