"UFC жылдызына айланабы?". Орусияда куруучу болуп иштеген өзбекстандык мушкер "UFC 257" турниринде атаандашын нокаутка учуратты

Бүгүн, 24-январда Абу-Даби шаарына жакын Яс аралында "UFC 257" турнири өтүп жатат. Турнирдин орто жеңил салмактагы беттешинин алкагында өзбекстандык Махмуд Мурадов менен америкалык мушкер Эндрю Санчес кез келип, анда Махмуд Мурадов атаандашынын үстүнөн техникалык нокаут менен жеңишке жетти.

Беттештин үчүнчү бөлүгүндө өзбекстандык мушкер атаандашын техникалк нокаутка учуратты. Калыс беттешти токтоткондо өзбекстандык мушкер эмоциясын жашыра албай, октагондон ашып өтүп, Дана Уайтка ыраазычылыгын билдиргенге жетишти.

Махмуд Мурадов өзүнүн жеңишин Өзбекстан элине, президентине, үй-бүлөсүнө жана кызына арнап, кайсы атаандаш туш келсе да беттешке даяр экенин кошумчалады.

Махмуд Мурадов буга чейин Орусияда куруучу болуп иштеп, андан кийин Чехияда күзөтчү болуп иштеген. Ал муну менен карьерасындагы 25-жеңишине жетти. Анын карамагында 6 жеңилүүсү бар.

Өзбекстандык мушкер Махмуд Мурадов Дана Уайтка ыраазычылыгн билдирди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Lordbek
2021-01-24 10:40:47
Эмне демек элек ийгилик
+9
Jalal76
2021-01-24 10:50:09
Молодец озбек бир тууганым, ийгилик.
+7
bond02
2021-01-24 11:19:15
Оо булар билет кимге жагынышты, президентине женишин арнап анан UFCнин президентине ыраазычылык билдирип.
+5
Urmat78
2021-01-24 11:25:09
bond02,Озбектер пахта эгиш боюнча дуйнодо 1-орунда туратда.Канында бар пахтаны жакшылап коюш
+9
dasta
2021-01-25 08:20:16
туугандар ушул жерде да сериозно болбой пакта койгонго аракет кылат. Атак маладес ийгилик
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан