Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталында дээрлик 2 айдан бери изделип жаткан Мактым Кожонованын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына маркумдун тууганы билдирди жана маалыматты Баткен ОИИБ да тастыктады.
Маалыматка ылайык, маркумдун денеси милиция кызматкерлери тарабынан өзү жашаган үйдөн 200 метрдей аралыкта өскөн тикенектин арасынан табылган. Анын маасысын иттер короого көтөрүп келген. Милиция маасы аркылуу издөө иштерин жүргүзгөн. Бүгүн, 24-январда маркумдун жансыз денеси Баткен облустук бириккен ооруканасынын өлүкканасына берилип, атайын экспертиза дайындалганы белгилүү болду.
"Экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин сөөк жерге берилет", - деди маркумдун тууганы.
Кожонованын артында жолдошу, алты баласы жана үч небереси калды. SUPER.KG порталынын эмгек жамааты маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Белгилей кетсек, 23-ноябрь күнү Баткен шаарынын Кызыл-Жол айылынын 45 жаштагы тургуну Мактым Кожонова үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Баткен облустук ички иштер башкармалыгы Мактым Кожонова ошол күнү, түн ичинде кызы менен дааратканага чыгып, кызын үйгө кире бер деп, өзү ошол бойдон дайынсыз болуп жатканынын маалымдаган.