Садыр Жапаровдун карындашы Лазат Нуркожоева "Аалам сулуусу" сынагына катышат

Бул жылы "Аалам сулуусу" сынагына Кыргыз өлкөсүнүн атынан Лазат Нуркожоева катышат. Бул тууралуу Лазат Нуркожоева социалдык тармактагы баракчасына жазган.

Ал эми сулуулар сынагын уюштуруп келе жаткан Рыскүл Намазбекова маалыматты ырастап, сынактын качан болору белгисиз экенин айтты.

"Аалам сулуусу" сынагына биздин өлкөнүн атынан Лазат Нуркожоева барат. Азырынча сынактын качан болору белгисиз, март айында белгилүү болот", - деди Намазбекова.

Лазат Нуркожоева "Кыргызстан сулуусу-2020" сынагында жеңүүчү деп табылып, BMW Х5 унаасын утуп алган. Сынактын жеңүүчүсү SUPER.KG`ге берген маегинде Садыр Жапаровдун иниси Давлет Жапаровдун кызы экенин айткан.

Автокырсыкка кабылган ырчы Анжеликанын кызына операция жасалат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Lordbek
2021-01-25 15:15:13
Начинается
+10
pero5184
2021-01-25 15:24:42
Барсын ,катышсын.Орун алып келсин.Ийгилик каалайм!
-4
Kari
2021-01-25 16:03:05
Бизде баарыбир жагынуу деген бар.
+11
futboler
2021-01-25 16:06:42
Ушуну жөн эле койбопсуңар да
+8
maksat_osh
2021-01-25 16:53:27
Ушуну жоле койбойтурда акыркы орунду алып уят болуп келет
+8
erkekyz1
2021-01-25 17:36:41
maksat_osh,Садыр Жапаровдун карындашы болсо эле эмне конкурстарга катышууга укугу жок болуш керекпи??? Саясаттын сулуулар конкурсуна тиешеси жок деп ойлойм. Жаш кыз экен, сулуу экен. Өзүн сынап келгенге неге болбосун? Барсын, кыргыздын желегин желбиретип, Кыргызстанда ушундай сулуу кыздар бар экенин көргөзүп келсин. Ийгилик.
-2
maksat_osh
2021-01-25 16:53:49
Ал жакта садыр садыр деген кошаматчылар жок булжактагыдай
+10
Oma.kg.kg
2021-01-25 17:57:36
Ал жакта миллион,миллион деген кошоматчылар бар
-6
Zumrudianka
2021-01-25 18:35:58
Кыргыздын жигиттери деген атка дак тушурбогулочу эркек башынар менен. Президенттин карындашы болсо эмне акысы жокбу. Эркек башынар мн сасыбагыла, аял болсонор тушунмокмун тообо. Баянда келет бироонун куноосун ал тообо кылганын билбей туруп ачыктап ушактасан анда сен да ошол куноону кылмайын олбойсун деп, корккула жок дегенде Аллахтан. Астагфируллах
0
Ernis82
2021-01-26 02:54:09
Инисинин кызы болсо карындашы болуп калабы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан