SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө шаар тургуну Бишкек шаарындагы №5 тролле́йбустун үстү тешик жана андан суук кирип, жүргүнчүлөрдү чыйрыктырып жатат деп кайрылган. Бул боюнча "Бишкек троллейбус башкармалыгы" муниципалдык ишканасына кайрылганыбызда, аталган троллейбустар текшерилип, көйгөй чечилерин айтышты.
"№5 троллейбустардын баары бүгүн оңдоого киргизилип, бирден текшерилет жана көйгөй чечилет", - дешти аталган мекемеден.