Дарыгерлер 3-февралга чейин мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин ден соолугунун абалы боюнча консилиум жүргүзүшү керек. Бул тууралуу анын жактоочусу Замир Жоошев SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, 3-февралда саат 14:00дө Кой-Таш окуясы боюнча кезектеги сот отуруму болуп өтөт.
"Кой-Таш иши боюнча акыркы соттук отурумда сот чечим кабыл алган, анда Саламаттыкты сактоо министрлигине сот атайын кат жиберерин айткан. Ошол каттын негизинде аталган министрликтин дарыгерлери Алмазбек Атамбаевдин ден соолугун текшерип, кандай оорулар менен ооруп жатат, ошол жөнүндө сотко маалымат бериши керек. Биз ал кат жиберилдиби же жокпу азырынча билбейбиз. Эгер жиберилген болсо, министрлик тарабынан эмне иштер жасалды бизде маалымат жок. 3-февралда дайындалган отурумга чейин министрликтин жообу сотко келиши керек", - деп билдирди жактоочу.
Эске салсак, Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө Алмазбек Атамбаев өтүп жаткан 3 иш бар. Алар: Кой-Таш окуясы, Бишкек ЖЭБин жаңылоо жана Кой-Таштагы Алмазбек Атамбаевдин жер тилкелери боюнча бардык иштер.