Биз социалдык тармакта

"Группа жөнөтүңүз дедим". Балбак Түлөбаев Камчыбек Ташиевге кат жазды

Бишкек шаардык мэриясы базарлардын айланасында мыйзамсыз соода-сатык кылып жаткандарга чара көрүү үчүн УКМКдан жардам сурады. Бул тууралуу шаар мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев муниципалитеттин жыйынында билдирди.

Ага ылайык, Балбак Түлөбаев аталган көйгөйдү чечип берүү үчүн Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиевге кат аркылуу кайрылган.

"Эки күн мурун Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиевге кат жөнөттүм. Мыйзамсыз соода-сатык жүргүзүп жаткандарга алым жетпей калды, жардам бериңиз деп кайрылдым. Группа жөнөтүңүз деп жатам. Базарлардагы чалгынчы кылып, акча чогултуп жаткандарга биздин күчүбүз жетпей жатат. Ошондуктан УКМКга кайрылдым", - деди Балбак Түлөбаев.

Эске салсак, Бишкек шаарынын "Ош базарынан" тартылган видео социалдык тармактарга тарап, коомчулукта ар кандай пикирди жараткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Kari
2021-01-26 14:32:41
Мыйзамсыз деген менен алардын балдарын ким багат.Ошол сатуучулар кунумдук нанга иштегендер.
0
Jacob.
2021-01-26 15:01:57
Kari, Шаарды онуктур онуктур, баарын тазала деп мерияга арызданбагыла анда мындан кийин!
+12
aiba_00
2021-01-26 15:11:20
Kari,Менимче ошол тачкада соода кылгандардын устунон бироо акча алса керек, ошолорго чара коргонго жардам сурап атса керек, дагы бир куркулдойдун чонтогуно кетип атат да чогулуп чогулуп.
+2
anonymous
2021-01-26 18:39:49
Kari,адашасыз ошо күнүмдүк отурган таанышым квартира машина алды тачка менен
+3
nazira...
2021-01-26 15:02:52
Эмне УКМКнын иши беле, ИИМдин иши го.
+6
zam81
2021-01-26 15:36:32
Места учун бироого акча берип отурат мыйзамсыз
0
jalgyzymsyn
2021-01-27 09:11:55
Уурдалган телефондорду сатып иштегендердида кармагылачы, кайсы мамлекетте кордуңор эле уурдалган телефонду кочодо сатканды. Ош базары вапше бардак.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан