Садыр Жапаровдун инаугурациясына Отунбаева менен Жээнбеков чакырылды
Жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун ант берүү аземи 28-январда өтөт. Ага мурунку өлкө башчыларынан Роза Отунбаева жана Сооронбай Жээнбеков чакырылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, инаугурацияга көптөгөн коноктор чакырылган. Учурда тизме такталууда.
Президенттин ант берүү аземине журналисттер киргизилбей турган болду. Инаугурация онлайн түрдө өтө турганы айтылды. "Орундар аз, эпидемиологиялык абалга байланыштуу журналисттер ант берүү аземине киргизилбейт. КТРК аркылуу түз эфирде ант берүү аземин көрүп жазсаңыздар болот", - деп билдиришти президенттик аппараттын басма сөз кызматынан.
Президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен Садыр Жапаровдун кызматка киришүү аземи 28-январь күнү Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтөт.
Мурдагы эки вице-премьер-министр сурак беришти
Бүгүн, 26-январда мурдагы вице-премьер-министрлер Аида Исмаилова, Алтынай Өмүрбекова Финполго саат сурак беришти.
Төрт саат сурак берген Аида Исмаилова коронавирус инфекциясы боюнча күбө катары суралганын айтты.
Андан кийин Алтынай Өмүрбекова дагы сурак берди.
Аида Исмаилова менен Алтынай Өмүрбекова экөө тең вице-премьер-министр болуп турганда саламаттыкты сактоо тармагын жана коронавирус пандемиясына каршы саламаттыкты сактоо тутумунун даярдыгын көзөмөлдөшкөн.
Орусия Садыр Жапаровду кабыл алууга даяр эмес деген маалымат чындыкка дал келбей турганы айтылды
Жаңы шайланган өлкө башчы Садыр Жапаровдун алгачкы расмий иш сапары боюнча президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек билдирүү таратты. Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, буга чейин социалдык тармактарда "Орусия Садыр Жапаровду кабыл алууга даяр эмес" деген маалыматтар тараган.
Борбор калаанын мурдагы мэри Нариман Түлеев Бишкек шаардык кеңешин шайлоого аттануу ниетин билдирди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Түлеев шайлоодо жеңишке жетсе, шаардын көйгөйлөрүн чечүүнү өз моюнуна аларын белгиледи.
"2008-жылы мен өзүмдүн белгилүү көз караштарым менен мэр болуп келгем. Бир жарым жыл ичинде көп нерсеге жетише алдык. Бирок шаарды сапаттуу өнүктүрүү маселесин жада калса чексиз бюджет болгон күндө да бир жарым жылда чечүүгө мүмкүн эмес. А биздин бюджет өтө жупуну эле. Биз белгилүү ийгиликтерге жете алдык, анткени бизде иштөөгө, системаны өзгөртүүгө болгон каалообуз бар эле. Буга шаардыктар күбө. Менде жана тилектештеримде ал каалоо азыр дагы бар.
Бишкектин тургундарын четте карап турбоого чакырам. Бир гана силер жана силердин добушуңар абалды жакшы жакка өзгөртө алат", - деп жазган Түлеев.