"Мага, үй-бүлөмө бир нерсе болсо жакындарым күнөөлүүлөрдүн сүрөтүн, менин катымды жарыялайт". Ырчы Бактыгүл Бадыева суроо жараткан билдирүүлөрдү калтырууда

Ырчы Бактыгүл Бадыева бир канча күндөн бери Инстаграмдагы баракчасына суроо жараткан кыска билдирүүлөрдү калтырууда.

Анын акыркы билдирүүлөрүндө: "Азыр менин дарегиме карата коркутуулар болуп жатат, мен эч кимден, эч качан коркпойм. Бир гана Алладан корком", "Эгер мага бир нерсе болсо сүрөттөгү адамдар күнөөлүү болот. Кийинчерээк сүрөтүн жарыялайм", "Көшөгөнү ачууга туура келди. Азырынча мен ал адамдардын сүрөтүн жакындарыма, курбуларыма жөнөтүп жатам. Эгер мага, кыздарыма, үй-бүлөмө бир нерсе болсо жакындарым күнөөлүүлөрдүн сүрөттөрүн жана менин катымды чыгарат" деп айтылат.

Көпчүлүккө табышмак болгон билдирүүлөрдөн кийин ырчыга байланышканыбызда азырынча комментарийсиз калтырарын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Nina.alex
2021-01-26 17:37:27
Жаман болуптур. Не болду экен бул айымга?? Ызы чуусу эле жок журчу элего
+11
bond02
2021-01-26 18:26:54
Бироо тынчыганда бироосу чыгып эле тойгозушту го ушу ырчымын дегендер.
-7
nazira...
2021-01-26 18:39:26
Ошончолук эмне болуп кетти экен. Жакшына эле жүрчү эле го бул кыз. Же күйөөсүнүн душмандарыдыр.
+5
Janyl98
2021-01-26 19:14:44
Кыздарды коркутуу уркутуу бизде кадимки эле коркунуч болуп бара жатат. Буга каршы туралык
+5
Kombi
2021-01-26 20:57:02
Бизде чёрныйлар карап турса керек. Ким эмне кылып жатканын.
Чёрныйларга дайындаганда аны
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан