Кадамжай районунун Майдан айыл аймагынын Бак айылында таза суу чыгарылды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлады.
"Бүгүн, 26-январда таза суу объектисинин ачылышы болуп, ага өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жаныбек Жалалов катышып, айыл элин бул жакшы саамалык менен куттуктап, элибиздин ден соолугу жана бакубат жашоосу үчүн зор мааниге ээ болгон ичүүчү суу менен камсыз кылуу, мамлекетибиздин эң негизги багыттарынын бири экенин белгиледи. Таза суу долбоорун ишке ашырууга, “Абийир” коомдук кайрымдуулук фонду 350 миң сом каржылык колдоо көрсөткөн. Ал эми Майдан айыл өкмөтү, суу чыгаруу үчүн зарыл болгон трансформатор, 12 жогорку чыңалуудагы электр мамыларды, электр зымдарын сатып алуу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен каражат бөлгөн", - деп айтылат маалыматта.
Айыл эли, 1000 литр суу кампасынын курулуш иштерин колго алышкан. Учурда таза сууну ар бир көчөгө, турак үйлөргө тартуу иштери жүрүп жатат.