Президенттин ант берүү аземине журналисттер киргизилбейт. Бүгүн, 26-январда, бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдиришти.
Анын себебин аппараттагылар өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу, орундар аз берилгени менен түшүндүрүштү.
Мындан тышкары президенттин инаугурациясына айрым гана ЖМК жетекчилери чакырылганы белгилүү болду.
Тарыхый окуяны чагылдырууга журналисттердин киргизилбей калышы боюнча SUPER.KG порталы пикирлерди угуп көрдү.
Илим Карыпбеков: “КТРК инаугурацияны ачык чагылдырбаса өздөрү эле уят болушат"
КТРКнын мурдагы жетекчиси Илим Карыпбеков президенттин кызматка киришүү аземиндеги негизги иш-чара, анын ант берүүсү болуп санала турганын айтты. "Андан башка маанилүү деле маселе жок. Ал жерде башка журналисттерден жаап-жашыра турган деле нерсе болбойт деген ойдомун.
Мен билгенден биринчи ирет президенттин инаугурациясына журналисттер чакырылбай жатат. Албетте бардык журналисттер барып, ар тараптуу чагылдырылганы жакшы болмок. Бирок, эгерде КТРК ал жакта болгон иш-чараны ачык, жаап-жашырбай чагылдыра ала турган болсо, башка ЖМК өкүлдөрүнүн чакырылбаганы чоң трагедия деле болбойт. Ал эми КТРК баарын ачык чагылдырбай койсо өздөрү эле уят болушат", - дейт ал.
Гүлнура Төралиева: "Бардык ЖМКларга бирдей шартта саясий маанилүү окуяларды чагылдырууга мүмкүнчүлүк берүү керек"
Медиа эксперт Гүлнура Төралиева журналисттерди тандоо критерийлери ачык жарыяланышы керек деген пикирде. "Менин оюмча бул тарыхый мааниге ээ коомдук, ири иш-чара. Дүйнө жүзү боюнча мындай иш-чаралар журналисттер тарабынан чагылдырылат. Андыктан жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө карата тандалма мамиле дегенди токтотуу керек. Бардыгына бирдей шартта саясий маанилүү окуяларды чагылдырууга мүмкүнчүлүк берүү керек. Менин оюмча бул жерде тең укуктуулук принциби бузулууда. Журналисттерди чакырбоо менен жарандардын маалыматка жетүү укугу да бузулуп жатат. Себеби ар бир ЖМКнын өзүнүн аудиториясы бар. Биринчиден журналисттерге карата тандалма мамиле болгону, экинчиден маалыматка жетүү, алуу укугун чектөө туура эмес. Үчүнчүдөн журналисттердин функционалдык милдеттерин аткарууга чектөө коюлуп жатканы да туура эмес. Эгер уюштуруучулар мындай чечимди өлкөдөгү эпидемиологиялык абал менен байланыштырып, мындан улам орундуктар чектелүү болуп жатканы менен түшүндүрсө, анда алар ЖМК өкүлдөрү кандай критерий менен тандалып жатканын айтышы керек. Силерге буга карата адилеттүү жооп берилиши шарт. Эмне себептен конкуренттер чакырылып, бизге чектөө коюлду деген суроого жооп алуу керек. Ошондой эле журналисттерди тандоо критерийлери ачык жарыяланышы керек деп ойлойм", - деди Гулнура Төралиева.
Адил Турдукулов: "Бул Жапаровдун деле демилгеси болбосо керек"
Жарандык активист Адил Турдукулов маалымат каражатынын өкүлдөрү чакырылышы керек экенин айтты. "Президенттик шайлоодо атаандаш болгон талапкерлерди, экс-президент деген макамы бар инсандарды ант берүү аземине чакырганы туура болду. Анткени бул Садыр Жапаровдун "кызматташууга даярмын" дегенин түшүндүрөт. Маалымат каражаттарын деле чектөөсүз чакырса болмок. Миңдеген адамдар чогулгандан кийин журналисттер деле анчалык көп санды ээлебейт болчу. Бул Жапаровдун демилгеси эмес, анын жанындагыларынын кеп-кеңештеринин айынан болуп жатса керек", - дейт ал.