Айкелчи Тамила Маматова Эл аралык сыйлыкка татыды

Сүрөтчү, айкелчи Тамила Маматов айкелчилердин эл аралык сыйлыгына татыды. Биз жакшы кабар угуп, айкелчинин өзүнө байланышып, сыйлыгы менен куттуктадык. Кубанычында чек жок экенин айткан ал, сыйлык тууралуу төмөнкүлөрдү айтты.

"100 мамлекеттен куралган скульпторлордун аккредитациясы бар. Мен ошол уюмга Кыргыз өлкөсүнүн атынан 3 жылдан бери мүчөмүн. Бул иш чаранын уюштуручусу Кытай мамлекети, алар атайын белек уюштурушкан экен. Негизги талабы 100 скульптордун кимиси, канча мамлекетке өзүнүн чыгармаларын орнотуп келди деп, изилдешиптир.

Менин орнотулган чыгармаларым 5 мамлекетте болгондуктан, ушул сертификатка ээ болдум. Кээ бир скульпторлордун 20 мамлекттен көп жерге орнотулган эмгектери бар. Буга байланыштуу ар кимдин өзүнүн даражалары болот экен. Мен өзү жеке ушундай симпозиумдарга катышып жатканыма 3-4 жыл эле болду. Аябай кубанычта болдум, алдыда дагы чоң ийгиликтерге жетишем деген үмүттөмүн", - деди Маматова.

Сүрөтчүлүк, айкелчилик өнөрдү аркалап, жасаган эмгектери менен эл оозуна алынган кыргыздын сыймыктуу кызынын маегин ушул шилтемени басып кирип окуңуз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан