Каттоо кызматы: "Жалпы жарандык паспортторго электрондук чиптер киргизилет"

Кыргыз өлкөсүнүн жарандары биометрикалык маалыматтары бар электрондук чип киргизилген жалпы жарандык паспортту (загран паспорт) 2021-жылдын апрель айында алат деп күтүлүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, ички паспортко мындай чиптер 2017-жылы эле киргизилген.

"Өткөн жылдын февраль айында биометрикалык жалпы жарандык паспорттордун бланктарын өндүрүү жана жеткирүү боюнча конкурс жарыяланган. Тендерге катышуу үчүн Казакстан, Франция жана Германиядан үч компания арыз берген. Конкурстук комиссия тендердин жеңүүчүсүн март айында аныктап, 2020-жылы 29-майда МКК жана Mühlbauer ID Services ишканасы ортосунда келишимге кол коюу пандемияга байланыштуу онлайн-форматта өткөн.

Жаңы электрондук паспорттордо 30дан ашык заманбап коопсуздук элементтери камтылган: так эмес белгилери, голограммалар, коргоочу жиптер, колго сезилген жана башка адистештирилген элементтер. Ошондой эле жеке маалыматтарды басып чыгаруу үчүн заманбап материалдар жана лазердик технологиялар колдонулат. Эң башкысы паспорттун мукабасында анын ээси жөнүндө маалымат камтыган электрондук чип орнотулган.

Белгилей кетүүчү жагдай, АКШнын Кыргыз өлкөсүнө визалык чектөөлөрү биометрикалык паспорттордун жоктугуна гана байланыштуу эмес, ошондой эле жоголгон жана уурдалган паспорттор боюнча жетишсиз иш алып баргандыгына жана кылмышка шектүү адамдар жөнүндө маалымат бербегендигине байланыштуу киргизилген.

Буга байланыштуу уурдалган (жоголгон), жасалма жана мыйзамсыз берилген жарандардын паспорттору жөнүндө маалымат берүү боюнча өз ара аракеттенүү жобосу иштелип чыккан жана бекитилген. Ошондой эле ошолор боюнча маалымат базасы түзүлүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

АКШнын президенти Байден кыргыз иммигранттарынын өлкөгө кирүүсүн токтоткон иммиграциялык жана ар түрдүүлүк (Diversity Visa) визаларга чектөөлөрдү алып салуу боюнча буйрукка 20-январда кол койду.

Жаңы паспортторду киргизүү 2021-жылдын биринчи жарымына пландаштырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан