УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев убактылуу кармоочу жайдан Аскер прокуратурасына алынып кетти. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайынын башчысы журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
"Азыр анын баш коргоо чарасы Биринчи Май райондук сотунда каралат. Анын ден соолугу жакшы. Тамак ичип жатат. Кийим кечелери өзүнө кирип жатат. Ал убактылуу кармоочу жайда эки киши менен отурат", - деди жетекчи.
Ошол учурда Абдил Сегизбаевдин жубайы Айнура Сегизбаева "камерага жылыткыч алып кирсе болобу? Ал жак сыз экен, бизге жылуу кийим деп жазып жатат" деп жетекчиге кайрылды.
"Жок, биз камерага киргизе албайбыз. Себеби жылуулук берген түтүктөр быйыл эле алмашкан", - деп жооп берди жетекчи.