Буга чейин балдардын башкы хирургу Талант Өмүрбеков эки тараптуу пневмония менен ооруканага түшүп, абалы оор экени маалымдалган.
Бүгүн, 27-январда дарыгердин ден соолугу жакшыра баштаганын SUPER.KG порталына Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.
"Мурункуга салыштырмалуу дарыгердин абалы жакшы, күндөн күнгө анын ден соолугу калыбына келип жатат. Ал азыркы тапта деле биздин оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Баштагыга салыштырмалуу абалы кыйла жакшы", - деди дарыгер.