UFC уюмунун жаңыланган рейтингинде атактуу ирландиялык мушкер Конор Макгрегор жеңил салмактагы мушкерлердин арасында алтынчы орунга түшүп калды. Жаңыланган рейтинг уюмдун расмий сайтына жарыяланды.
Америкалык мушкер Дастин Порье "UFC 257" турниринде Конор Макгрегордун үстүнөн жеңишке жеткендигине байланышту рейтингде биринчи орунга чыкты. Ал эми Конор Макгрегор карьерасындагы бешинчи жеңүлүү ызасын тарткандан кийин эки позиция ылдый түшүп, алтынчы орунга жайгашты.
UFC уюмунун жаңыланган рейтингинде жеңил салмактагы мушкерлердин рейтинги төмөндөгүчө:
1. Дастин Порье (АКШ);
2. Жастин Гэйтжи (АКШ);
3. Чарльз Оливейра (Бразилия);
4. Майкл Чендлер (АКШ);
5. Тони Фергюсон (АКШ);
6. Конор Макгрегор (Ирландия);
7. Рафаэль Дос Аньос (Бразилия);
8. Дэн Хукер (Жаңы Зеландия);
9. Пол Фелдер (АКШ);
10. Диего Феррейра (Бразилия).