“Азыр адамдар чектелген заманда жашайт, ал чексиздикте жашачу”. "Ыр аке" аталган Рамис Рыскуловду калемдештери эскерет

Кыргыз эл акыны, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Алыкул Осмонов атындагы сыйлыктын лауреаты, Эл акыны Рамис Рыскулов кечээ, 26-январда 87 жаш курагында узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн кайтты. Кыргыз поэзиясына опол тоодой салым кошуп, "Ыр аке" атыккан жаңычыл акынды калемдештери, замандаштары эскерет.

Нурлан Калыбеков КРнын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы: "Рамис Рыскулов чексиздикте жашачу"

- Рамис Рыскулов Кыргыз адабиятына бунтарлык, космикалык дух менен эркин ой жүгүрткөн, өзүнө гана таандык стил, форма, мазмун жагынан жаңылык ачкан акын. Маселен, 1960-жылдары аны менен чогуу чыккан акындар Алыкул Осмонов түптөгөн мектептен өсүп чыгышты. Социалдык, ураан ырлары менен чектелбей, адам тагдыры, өмүрү, өлүмү, махабаты туурасындагы ырлар жаралды. Ал эми кийинки чоң секирикти космостук мейкиндикке чейин Рамис Рыскулов жасады. Ал ааламдын чексиз экендигин, адам жаны эч бир рамкага сыйбай турганын даңазалады. Жерде туруп, асмандын жети кабатына чыккан руханий - космикалык ырларды, поэмаларды жаратты. Рамис Рыскуловдун мектеби эми келет. Анткени анын ырлары адам жанынын, ой жүгүртүүсүнүн эркиндигин даң салган феноменалдуу жаңырык. Ал жаңырык улам жаңырып турары шексиз. Азыр адамдар чектелген бир ишенимге кирип алган заманда жашайт. Ал эми Рамис Рыскулов чексиздикте жашачу. Айта берсек, сөз абдан көп.


Баяс Турал тарыхчы, жазуучу: "Кыргыз поэзиясына жаңылыкты Ыраке алып келген"

- Ыр аке менен мен 1977-1978-жылдары таанышып калдым. Ал кезде КРнын эл акыны Омор Султанов жетектеген "Дүбүрт" аттуу адабий ийрим бар болчу. Ошол ийримге мен дагы катышып жүрдүм. Бир күнү жаш акындар менен жолугушууга Рамис Рыскулов келип калды. Ага чейин ар кимден угуп жүрчүбүз. Келип ырларын окуп, күлдүрүп жатып 4-5 сааттык убакыт бат эле өтүп кетти. Анан 4 бала аны ээрчип алдык, бир ашканага кирип тамак ичтик. Үйлөрүбүзгө кетчү убакыт болуп калды, "Абдырахман, сен кайсы жакта турасың?" деп калды. Мен ал учурда бойдокмун, жатаканада жашачумун. Жашаган жеримди айтсам, бүгүн менин үйүмө жүр деп ээрчитип алды. Ошондон баштап Ыр аке менен жакшы мамиледе болуп, жакшы катташып калдык. Рамис Рыскулов өз жолу, үнү бар акын эле. Кыргыз поэзиясына эркин ырды жаңылык катары алып кирген бирден бир акын болчу. Ал өзү каалагандай кысынбай, эркиндикте жашады. Башкаларга маанилүү же жакшы көрүнүү деген ал кишиде жок эле. Жаңычыл акын экендиги талашсыз.

Бердибек Жамгырчиев акын: "Рамис агайдай адамдар миң жылда бир жаралса жаралды, болбосо жок"

- Рамис агайдын жашоо образы эч кимдикине окшобогон, такыр башкача болчу. Кааласа ырдап, бийлеп жүрчү. Агайдын жөнөкөйлүгүн ушундан билсе болот. Бир окуясын уктум эле, Турдакун Усубалиев мамлекетти жетектеп турганда Рамис Рыскуловду унаасына салып алып, шаарды кыдыртып анан "эмне керек, эмнеге муктажсың?" десе, "Мага эч нерсеңдин деле кереги жок, ушул унааңды эле токтотуп койчу, түшүп кетейин" деген экен да. Мисалы, ошол эле орунда башка бир чыгармачыл адамдар болсо, балким, үй сурамак, балким, унаа сурамак. Бирок Рамис агайга көр дүйнөнүн зарылчыгы жок болгон да. Ал чындап акындык вазийпасын мыкты аткарган акын эле. Рамис агайдай акындар миң жылда бир жаралса жаралды, болбосо жок.

Рамис Рыскулов 1934-жылы 9-сентябрда Чүй облусунун Москва районундагы Кызыл-Тоо айылында туулган. Мектепте 7-класска чейин окуп, кийин Педагогикалык окуу жайына тапшырып, 1951-жылы бүткөн. Бүткүл союздук Максим Горький атындагы Адабият институтуна өтүп, ал жакты 1959-жылы аяктаган. Эмгек жолун "Кыргызстан пионери" газетасында адабий кызматкер болуудан баштаган. Андан кийин "Ленинчил жаштын" редакциясында, 1959-1960-жылдары "Ала-Тоо" журналында иштеген. Акындын тунгуч ырлар жыйнагы 1959-жылы "Жаз" деген ат менен басмадан басылып чыккан. Ага удаа эле "Поклон земле", "Даңкан", "Шаттуу ырлар", "Дилбар", "Күлкү чачам", "Жаштык шаары", "Эки жөжө", "Ырлар", "Ай бөбөк", "Ыр нөшөрү" аттуу жыйнактардын автору.
Рамис Рыскулов акындыктан сырткары сүрөтчүлүк менен да алектенип келген. Ал тарткан "Иисустун өнүгүшү", "Жылмаюу" деген сүрөттөрү Москвада өткөн элдик кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсүндө дипломго ээ болуп, Париждеги СССР элдеринин элдик кол өнөрчүлөрүнүн II фестивалында жеңүүчү болгон. 2019-жылы Улуттук китепканада туулган күнүнүн урматына "Ыр жыттанган Эл акыны" аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү болуп өткөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан