Таалайкан Абазова менен Нуриса Абазованын боорун алмаштырууга муктаж болгон бир тууганына операция жасалды

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Таалайкан Абазова менен ырчы Нуриса Абазованын бир тууганы жардамга муктаж экени, тез аранын ичинде анын боорун алмаштыруу зарыл экенин жазганбыз.

Өнөр адамдарынын бир тууганы Бакытбек Абазов өткөн жылдын ноябрь айында Орусиянын Новосибирск шаарына учуп кеткен. Бүгүнкү күндө бейтаптын абалы жакшы, ага операция жасалган. Бул тууралуу ырчы Нуриса Абазова тарабынан белгилүү болду.

"Агама өткөн жылы 16-декабрда операция жасалган. Акыбалы жакшы, өз алдынча басып калды. Учурда ооруканада, тиешелүү дарылануудан өтүп жатат", - деди ырчы.

Эске салсак, 2-типтеги кант диабети менен жабыркаган Бакытбек Абазовго өзүнүн баласы донор болуп берери кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Janyl98
2021-01-28 01:36:13
Жараткан Тенирим ден соолук берсин.
-8
Noon
2021-01-28 09:41:10
Аллахым шыпаасын берсин! Эч ким дабасы жок жаман оору менен оорубасын!
+8
aiba_00
2021-01-28 11:38:30
Тенирим деп жазып, бироосу аллахым деп эле кырылышып журот экенсинер го, чон эле кишилер.
0
Jelezo
2021-01-28 13:44:02
Алла менен Теңир бир эле түшүнүк бири арабча экинчиси кыргызча урушпагыла.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан