"Биз мыйзамды сыйлап, соттун чечимин аткардык". Маданият министри Самара Каримованын директорлук кызматка келип, кетиши тууралуу билдирүү жасады

Ырчы Самара Каримованын Оштогу Ниязалы Борошев атындагы мамлекеттик музыкалык окуу жайга директор болуп дайындалышы, кызматтан баш тартканы боюнча маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков маалымат берди. Айтымында, Самара Каримова окуу жайга жетекчи болуп дайындалгандан кийин министрликке жана министрге карата ачуу сындар айтылды.
Нуржигит Кадырбеков жеке баракчасына келген каттардан кийин жооп берүүнү туура көргөнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
"Биз мыйзамды сыйлап, соттун чечимин аткардык. Сот жараянына катышкан юристтин жана кадр маселесин тейлеген статс-катчынын жүйөсүн угуп, маселени таразалап буйрук чыгардык. Бирок коомчулукта бул чечимди колдогондордон да сындагандар көп болду. Окуу жайдын жамааты да жаңы жетекчини кабыл алган жок.
Биз эл-журтубуздун пикирин сыйлайбыз. Эл менен элбиз. Деген менен коомдук пикирди негиз тутуп, чечкиндүү кадам кылганга эмгек мыйзамы жол бербейт экен.
Маселени тез жана биротоло чечүүнүн бир гана жолу бар эле. Самара Каримова өзү арыз жазып, кызматтан баш тартышы керек болчу. Биз ушул багытта аракеттендик. Кудайга шүгүр, бул жыйынтыгын берди. Самара Каримова арызын жазды. Аны кызматтан бошотуу боюнча буйрукка мурдагы күнү кол койдум. Ордуна окуу жайдын жамаатынан жаш, билимдүү кадрды үч айлык сыноо мөөнөтү менен дайындадык. Маселе тез жана жакшылык менен чечилди", - деп айтылат министрдин билдирүүсүндө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
nazira...
2021-01-27 16:48:16
Сени башкача ойлоп жүрдүм эле, болбодун сен дагы. Көрсө эл жазып аткандай эле турбайсынбы.
+4
Dolbooruwka
2021-01-27 16:49:26
Мунусу да тугонуп буткон турбайбы, уялбай кантип кол койдун директорлука ушуну туура коруп. Балыктын башы сенден сасыган турбайбы.
+5
Talantus
2021-01-27 17:32:37
Бул озу юрист болсо, сот чечимин аткарардан мурда Жогорку инстанцияга кайрылуу жагын кантип билбейт. Бул Самарага тымызын озу шерик болгон. Самараны коллектив кетирди го. Кыскасы актанбай эле койчу, былжырабай.
+4
nazira...
2021-01-27 18:06:01
Эгерде коллективи Самарага эч нерсе кыла албаганда башкача сүйлөйт эле. Ошол убакта бир ооз ача албай, бүткөндөн кийин мынтип сүйлөбөй эле койбопсун. Кыскасы сен Мадумаровго окшоп тилин менен баатыр турбайсынбы.
+4
ika8086
2021-01-27 20:13:01
Самара Каримова ким озу,билими жок элементарный таблицаны билбей уят болуп,Ниязалы Борошовтун ким экенин билбегенден кийин кадр тандоодо ото чон жанылыштык кетирдин Нуржигит Кадырбеков.Мыйзамды баары сыйлайт бирок омуру бир мугалим болуп иштебеген адам мыйзамды билчи беле
+5
Aimani
2021-01-27 20:14:23
Ошондо Самара Оз каалоосу менен эмес министрдин басымы менен жазган турбайбы.Озу кок беттенип кетмек эмес экен да.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан