Бүгүн, 28-январда жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун ант берүү аземи өтөт. Иш-чараны түз алып көрсөтүү саат 10:45ке белгиленди.
Учурда ант берүү аземине карата даярдыктар көрүлүп, Бишкектин борбордук көчөлөрүндө тартип сакчылары күзөткө чыгышты.
Ант берүү аземи Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт.