Буга чейин балдардын башкы хирургу Талант Өмүрбеков эки тараптуу пневмония менен ооруканага түшүп, абалы оор экени маалымдалган.
Бүгүн, 28-январда дарыгердин ден соолугу калыбына келип, ал ооруканадан үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.
Айтымында, дарыгер үйүндө дагы 14-15 күн обсервацияда кармалышы керек.
"Дарыгер жакшы болуп, бүгүн үйүнө чыкты. Ал эки тараптуу пневмония менен оор абалда ооруканага түшкөн. Абалы азыр жакшы, белгилүү мөөнөт үйдө жатып, андан кийин жумушуна чыкса болот", - деди дарыгер.