Садыр Жапаров ант берди. Камчыбек Жолдошбаевдин сөгүнгөн видеосу талкууда. Күн ичинде орун алган саясий окуялардын топтому бир шилтемеде

Бүгүн, 28-январь, күнгө бейшемби. Саясий окуялардан кабардар болууга үлгүрбөй калсаңыз, бул материал сиз үчүн. SUPER.KG порталы күн ичинде орун алган "туздуу" саясий окуялардын топтомун сунуш кылат.
Садыр Жапаров ант берди
Бүгүн, 28-январда, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында президент Садыр Жапаровдун кызматка киришүү ант аземи өттү.
"Мен Жапаров Садыр Нуркожоевич, Кыргыз Республикасынын президентинин кызматына киришип жатып Кудайдын жана элимдин алдында мамлекет башчысынын ыйгарым укуктарын адилеттүү ишке ашырууга, жарандардын укуктарын коргоого, элибиздин, мамлекетибиздин бүтүндүгүн, коопсуздугун сактоого ант беремин", - деди ал.
Ал ант берүү алдында филармониянын алдындагы Манастын эстелигине токтоп, таазим кылды.
Иш-чарага катардагы жарандардан, коомдук ишмерлерден, чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын өкүлдөрүнөн, ата мекендик жана чет элдик маалымат каражаттарынын жетекчилеринен турган миңден ашуун мейман катышты.
SUPER.KG порталы инаугурация күнүндө орун алган бардык кызыктуу кабарларды бир шилтемеге топтоду.

Садыр Жапаров оор мезгилде президент болуп жатканын айтты

Бүгүн Садыр Жапаровдун ант берүү аземинде сөз сүйлөп жатып, ал оор мезгилде президент болуп келгенин айтты. 30 жыл бою топтолгон 5 миллиард долларлык ички, сырткы карызды толук төлөө, пандемия, энергетика тармагындагы көйгөйлөргө токтолду. Ошондуктан анын алгачкы президенттик жарлыктары кризистик жагдайдан чыгуу, экономиканы жандантуу чараларын камтууга багыттала турганын белгиледи.

"30 жыл бою топтолгон беш миллиард долларлык ички, сырткы карызыбызды толук төлөө милдети да менин багыма президенттигим башталган мезгилге туш келди. Ал ортодо коронавирус пандемиясы да республиканын бюджетине кескин түрдө кедергисин тийгизди. Энергетика тармагындагы абал катастрофалык кырдаалга кептелип, 137 миллиард сом карызы бар экен. Албетте, мындай абалдан чыгуу өтө оор кыйынчылык менен коштолору айкын. Ошондуктан менин алгачкы президенттик жарлыктарым кризистик жагдайдан чыгуу, экономиканы жандантуу чараларын камтууга багытталат. Ал чараларды жүзөгө ашырууда эрки күчтүү элибиздин дем-күчү, колдоосу кубат берет деп терең ишенем. Кыргыз өлкөсү 21-кылым койгон чакырыктарды туура аныктап, адекваттуу жооп беришибиз керектигин жакшы түшүнөбүз", - деди ал.
Камчыбек Жолдошбаевдин сөгүнгөн видеосу талкууда

Социалдык тармактарда Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин манжасын көрсөтүп сөгүнгөн видеосу тарап, кызуу талкууга алынууда.

Видеодо көрүнгөндөй Жолдошбаевден күбөлүгүн сурап, видеого тартып жаткан адамга депутат сөгүнүп, манжасын көрсөтүп, унаасы менен кетип калганын көрүүгө болот.

Видео качан жана кайсы жерден тартылганы азырынча белгисиз.

Бул боюнча өзү үн ката элек.

2018-жылы Жогорку Кеңештин жыйынында Жолдошбаев маршруттук такси менен келип, Жогорку Кеңешке жөө басып кирген депутаттардан уяларын айткан. Атүгүл аларды көргөндө же өз унаасы менен жанынан өтүп бара жатканда баш кийимин көзүнө чейин түшүрүп, Ак Үйгө кирерин кошумчалаган. Анын бул кеби коомчулуктун сынына калып, талкуу жараткан.

Митингге чыккан Абдил Сегизбаевдин тарапташтары жана жубайы кармалып, кайра коё берилди

УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин тарапташтары жана анын жубайы филармониянын алдына митингге чыгып, аларды Ленин РИИБинин кызматкерлери кармап кеткенин Сегизбаевдин Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

Ленин РИИБинин кызматкерлери кармап кеткен Абдил Сегизбаевдин тарапташтары жана анын жубайы коё берген.

"Бүгүн, 28-январь күнү саат 10:00 чамасында Турусбеков жана Чүй кең көчөсүндө бир канча адам митингге чыккан. Ал эми милиция кызматкерлери аталган көчөнү бошотуу керек экендигин түшүндүрүүдө, алар баш тартышкан. Мындан улам 4 жаран Ленин РИИБине жеткирилген. Алар 1962-жылы туулган О.Г. 1968-жылы туулган А.Г., 1982-жылы туулган Э.А. жана 1988-жылы туулган С.Д. аттуу жарандар болгон. Аларга профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, андан соң коё берилген", - деп жазылат РИИБдин маалыматында.

25-январда Башкы прокуратура менен Аскер прокуратурасынын сотко чейинки өндүрүштүк иштеринин жүрүшүндө Абдил Сегизбаев кармалган. Ал Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ал эми кечээ, 27-январда Биринчи Май райондук соту аны УКМКнын СИЗОсуна 25-мартка чейин камакка алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан