Курсан Асанов 26-мартка чейин камакка алынды

Бүгүн, 28-январда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун бөгөт чарасы Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралды. Соттун чечими менен ал 2021-жылдын 26-мартына чейин камакка алынганын райондук соттун маалымат кызматы кабарлады.

"Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2020-жылдын 28-январындагы токтомуна ылайык, шектүү Курсан Асановго карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү тергөө мөөнөтүнө, башкача айтканда 2021-жылдын 26-мартына чейин тандалды жана ал Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы ЖАМК №21 тергөө изоляторуна камакка алынды", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан