АПТАСОБОЛ: Садыр Жапаров ага ишенгендердин үмүтүнө суу сеппөө үчүн ишин тез арада кандай кадамдардан башташы керек?

Бүгүн, 28-январда президент Садыр Жапаровдун ант берүү аземи өттү. Анда ал оор мезгилде президент болуп келгенин айтты. 30 жыл бою топтолгон 5 миллиард долларлык ички, сырткы карызды толук төлөө, пандемия, энергетика тармагындагы көйгөйлөргө токтолду. Ошондуктан анын алгачкы президенттик жарлыктары кризистик жагдайдан чыгуу, экономиканы жандантуу чараларын камтууга багыттала турганын белгиледи.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Садыр Жапаров "президенттик кызматка келишим өлкөдөгү оор мезгилге туш болду" деп айтты. Ал эми эл абал бат эле оңолот деп күтүп да, ишенип да жатат. Жапаров ага ишенгендердин үмүтүнө суу сеппөө үчүн ишин тез арада кандай кадамдардан башташы керек?" деген собол салды.

Экс-депутат Исхак Масалиев: "Садыр Жапаров атаандаштарын камап баштаса баягылардай эле болуп калат"

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев мыйзам талаасына түшүү зарыл деген пикирин айтты.

"Конституциялык реформаны мыйзамды бузуу менен алып барбаш керек. Ишти кыйшык баштаса, кыйшык кетет. Садыр Жапаров бүгүнкү күндөн баштап Конституциялык реформаны элге чыгарып, 6-7 ай талкуулап, баарын иштеп чыгып, кабыл алабыз десе туура болмок. Конституцияны каалагандай жазсаң эле турмуш оңолуп кетпейт да. Миң жакшы сөздү жазсаң да турмуш оңолбойт.

Тез арада ал толук укугу менен пайдаланып, коррупциялык иштерге жол берилбегенге шарттарды түзүшү керек. Ууруларды жоопко тартуу зарыл. Сөзсүз эле саясий оппоненттерин эмес, мамлекеттик бюджетке кол салгандарды жоопко тартуу шарт. Эл ошону күтүп жатат. Атаандаштарын камап баштаса баягылардай эле болуп калат", - дейт Масалиев.

Клара Сооронкулова: "Мен президент болсом элде "президенттин өлкөгө кереги жок экен" деген түшүнүк пайда болмок"

Президенттик шайлоого талапкерлигин койгон Клара Сооронкулова Садыр Жапаров шайлоо алдында элге берген убадасын аткарыш керек экендигин айтты.

"Садыр Жапаров шайлоочуларга берген убадасын аткарып, шайлоо алдында алып чыккан программасын ишке ашырышы керек. Бирок азыр Жапаров эмне убада кылганын айтыш кыйын. Анткени убадасынан кийин "жок андай болбойт экен" деп баш тартып койбодубу.

Аракеттеги Конституция боюнча президенттин ыйгарым укуктары чектелген. Ошондуктан бийликти узурпациялап албай, мыйзамдын негизинде иш алып барышы керек. Эгерде шайлоодон мен жеңип чыксам, алгач эле парламенттик шайлоону өткөрүүгө киришмекмин. Болгондо да тарыхта болбогондой таза шайлоо өткөрүп, жаңы жана таза күчтөрдүн бийликке келишине өбөлгө түзүп бермекмин. Конституцияга кол салбай, тескерисинче парламентаризмдин өнүгүшүнө шарт түзүп, өкмөт кесипкөй адамдардан түзүлүүсүн шарттамакмын. Ошону менен бара-бара президенттин макамы дагы жоголуп, элде "парламенттик шайлоо таза өтсө, өкмөт таза адамдардан түзүлсө өлкөгө президенттин кереги жок экен" деген түшүнүк пайда болмок",- деди Сооронкулова.

Депутат Дастан Бекешев: "Садыр Жапаров өз ишин ири долбоорлордон башташы керек".

Депутат Дастан Бекешев Садыр Жапаровго сунуштарын кат түрүндө жибере турганын билдирди.

"Биринчиден ал экономикалык маселелерди чечиши зарыл. Ири долбоорлорду ишке ашырышы керек. Өзү айткандай, ГЭСтерди ишке киргизүү шарт. Себеби азыр бир заводду ачайын десең, электр кубаттуулугу жетпейт. Ушул жана башка сунуштарымды кат түрүндө даярдап жиберем", - дейт Бекешев.

Саясий серепчи Алмаз Тажыбай: "Садыр Жапаров инаугурацияда айткан сөздөрүнүн баары орундалышы үчүн 6 айда чараларды көрүш керек"

Саясий серепчи Алмаз Тажыбай Садыр Жапаров жарым жылда жыйынтык көрсөтүүсү зарыл экенин айтты.

"Садыр Жапаровго элден ишеним кредити берилди. Аны ал 3 жылга чейин аткарам деп айтты. Жапаров инаугурацияда айткан сөздөрүнүн баары орундалышы үчүн 6 айдын ичинде чараларды көрүш керек. Эгерде аны созуп жиберсе, ишке ашыруу кыйын болот. Өлкө өнүгүш үчүн көп реформалар керек. Акылман, билермандардын баарын бириктирүү шарт. Баарын бириктирип, иштерди жасоо зарыл. Бир жылдын ичинде реформа кылам десе созулуп кетет. Эл башкаларды 1 жыл, 2 жыл күткөн. Азыркы учурда андай эмес. Ошондуктан Жапаров жарым жылда жыйынтык көрсөтүшү керек", - дейт Алмаз Тажыбай.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан