5 жылдан бери кант диабети менен күрөшүп жаткан Кыргыз Республикасынын Эл артисти
Султан Каримов чет өлкөдөн операция жасатууга муктаж экенин
жарыялаганбыз.
Бүгүн, 29-январда ырчынын абалы менен өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев таанышып, кабар алды. Бул тууралуу өкмөт өкүлү билдирип, Султан Каримовдун абалы жакшы экенин айтты. Өз кезегинде Эл артисти дагы кабар алгандарга батасын берди.
Белгилей кетсек, Султан Каримовго каржылык жактан колдоо иретинде кайрымдуулук концерти өткөрүлөт. Концерт 10-февралда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда орун алат.
Жардам берүүнү каалагандар ЭЛСОМ аркылуу каражат которсо болот.