Экс-президент Сооронбай Жээнбеков Дүйшөнбек Зилалиевдин иши боюнча сотко чакырылды. Бул тууралуу Зилалиевдин жактоочусу Таалайгүл Токтакунова тастыктады.
Анын айтымында, Сооронбай Жээнбеков 3-февралга сотко күбө катары чакыртылды.
УКМК банктагы ячейкалардын биринен Зилалиевдики делинип 889 миң 900 доллар алынып жаткандыгы тууралуу маалымат тараткан. "Тергөө жүрүп жатканда Зилалиев ал каражат ошол кездеги президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо өнөктүгүнүн акчасы болгондугун айткан. Бирок анда Сооронбай Жээнбеков чакыртылган эмес", - дейт Токтакунова.
Окуянын чоо-жайы:
Дүйшөнбек Зилалиевге карата "мыйзамсыз байыган" деген айып менен кылмыш иши козголуп, ал 7-декабрда кармалган. Ошол эле күнү сот аны 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган. УКМК Зилалиевден декларациясына киргизилбеген 889 миң 900 доллар акча табылып, ал акча коммерциялык банктардын биринде 2018-жылдын сентябрына чейин сакталганын айтып чыккан.
УКМК тараткан видеодо банктагы ячейкалардын биринен Зилалиевдики делинип 889 миң 900 доллар алынып жаткандыгы көрсөтүлөт. Бул видео боюнча “Оптима банк” билдирүү жарыялаган. Аталган банк ал видео бир жыл мурун банктын кызматкерлери тарабынан тартылганын билдирген. Ячейканы ачууга кардардын ижара келишиминин мөөнөтү аяктагандыгы себеп болуп, акча жана аны ячейкадан чыгаруу учурунда тартылган видео ээсине өткөрүлүп берилгенин кошумчалаган.