Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясында премьер-министр кызматына Улукбек Мариповдун талапкерлиги каралып жатат.
Ал энергетика жана өнөр жай министрлигин түзүү керектигин айтты. "4 энергетикалык компания экономикалык иштерди өз-өзүнчө алып барууда. Алардын чыгашасы көп", - деди ал.
Учурда Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитети иш алып барууда.