Буга чейин социалдык түйүндөргө президент Садыр Жапаровго кайрылып, эки кабаттуу мектеп салып берүүсүн айткан окуучунун видеосу тарап, коомдо кызуу пикир жараткан.
Видеодо окуучу президентке салам жолдоп, Балбай баатыр айылына жаңы мектеп салып берүүсүн өтүнүп жатканын көрүүгө болот. "Биз жаңыдан жакшы окуп келе жатканда мектеп көгөрүп кетип кайрадан онлайн окуп калдык, онлайн. Садыр Жапаров мына эми сиз президент болдуңуз, биздин айылга 2 кабаттуу мектеп салып бербейсизби, көгөргөн мектептин ордуна. Ошондо сизди эл-журт жакшы көрүп калат", - деген бала өзүнүн кайрылуусунда.
Сүйлөп жаткан окуучу Бекболот Бактыбеков окуган мектеп Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Балбай баатыр айылындагы №5 Зина Сейитова атындагы орто мектеби. Бүгүнкү күндө аталган мектеп авариялык абалда.
SUPER.KG порталы Балбай баатыр айылынын тургундарынан мектебинин сүрөтүн алды.
"Мектептин эскилиги жеткенден улам, сырттан аба киргенине байланыштуу дубалдар нымдалышып, көгөрүп баштады. Мектеп сыртынан жакшы көрүнгөнү менен былыктын бардыгы ичинде, көк кадимкидей жыттанып турат", - деп билдиришти айыл тургундары.