Камчыбек Ташиев: "Бизге чейин УКМК 10 айда уурдалган 116 миллион сомду бюджетке кайтарса, биз 2 айда 3 миллиард сомго жакын акчаны өлкө капчыгына кайтардык"

Бүгүн, 3-февралда Жогорку Кеңеште өкмөттүн жаңы курамы каралууда. Депутат Аалы Карашев УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, аталган мекеме кандай иштерди аткаргандыгы тууралуу суроо узатты.

Ташиев эл өкүлүнө 2 айда 3 миллиардга жакын уурдалган каражат бюджетке кайтарылганын белгилеп өттү.

"2020-жылдын 10 айында УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы мамлекеттик бюджетке 116 миллион сомдун тегерегиндеги каражатты кайтарыптыр. Ал эми биз ноябрь-декабрь айларында бюджетке дээрлик 3 миллиард сом кайтардык. Январь айында кайтарылган каражат жарым миллиарддан ашып калды.

Биз уурдаган аткаминерлерди алып барып түрмөгө отургузуп салалы деген ниетибиз жок. Ким болбосун, уурдаган каражатын өлкө капчыгына кайтарып берсе, биз аларга карата "тергөө менен кызматташты" деген беренени колдонуп жатабыз", - деди Ташиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан