Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматованын айтымында, Саламаттыкты сактоо министрлиги COVID-19га каршы эмдөө жүргүзүүнүн Улуттук планын иштеп чыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдайт.
Маалыматка ылайык, иммундаштыруу үч этап менен жүргүзүлөт.
Иммундаштыруу боюнча эксперттердин илимий-техникалык тобунун сунуштарына ылайык, КР ССМи эмдөө үчүн калктын артыкчылыктуу топторун аныктаган.
1-этапта эмдөө пландаштырылууда:
2-этапта: 60 жаштан жогору курактагы адамдар, өнөкөт оорулар жана клиникалык тобокелдик факторлору бар 60 жашка чейинки адамдар, калктын социалдык аялуу катмары.
3-этапта эмдөө иштери мамлекеттин жана донордук уюмдардын эсебинен улантылат.
“Эмдөө пункттарын ачуунун алдын-ала планы дагы иштелип чыккан. Эмдөө пункттарын Чүй облусунда, Бишкек жана Ош шаарларында ачуу пландаштырылууда. Эмдөө процессине ыкчам байкоо жүргүзүүнүн натыйжасында, калган эмдөө пункттары республиканын бардык аймактарында ачылат. Эмдөө жүргүзүүгө өлкөдөгү бардык окутулган эмдөө кызматкерлери тартылат”, - деп билдирген Айнура Акматова.
Эмдөөлөр ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт!