Жаңы өкмөт дайындалды. Күн ичинде орун алган саясий окуялардын топтому бир шилтемеде

Бүгүн, 3-февраль, күнгө шаршемби. Саясий окуялардан кабардар болууга үлгүрбөй калсаңыз, бул материал сиз үчүн. SUPER.KG порталы күн ичинде орун алган "туздуу" саясий окуялардын топтомун сунуш кылат.
Жаңы өкмөт шайланды
Бүгүн Жогорку Кеңеште өкмөттүн жаңы курамы каралды. Улукбек Марипов жетектеген өкмөт мүчөлөрү дээрлик күн бою депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп, суроолоруна жооп беришти. Жыйынтыгында эл өкүлдөрү өкмөттүн жаңы курамын жактырып, президент Садыр Жапаров ага кол койду.

Жаңы өкмөттүн курамы:

  • Премьер-министр — Улукбек Марипов;
  • Биринчи вице-премьер — Артём Новиков;
  • Экономика жана финансы министри, вице-премьер — Улукбек Карымшаков;
  • Өкмөттүн аппарат жетекчиси — Жеңиш Асанкулов;
  • Тышкы иштер министри — Руслан Казакбаев;
  • Коргоо министри — Таалайбек Өмүралиев;
  • Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри — Аскар Жаныбеков;
  • Энергетика жана өнөр жай министри — Кубанычбек Турдубаев;
  • Ички иштер министри — Улан Ниязбеков;
  • Транспорт, архитектура жана коммуникациялар министри — Гүлмира Абдралиева;
  • Өзгөчө кырдаалдар министри — Бообек Ажикеев;
  • Юстиция министри — Асел Чынбаева;
  • Маданият министри — Кайрат Иманалиев;
  • Билим берүү жана илим министри — Алмазбек Бейшеналиев;
  • Саламаттыкты сактоо министри — Алымкадыр Бейшеналиев;
  • Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы — Камчыбек Ташиев.

Жаңы премьер-министр баш болгон өкмөт мүчөлөрү президенттин катышуусунда, Жогорку Кеңештин трибунасынан ант беришти.

Президентке жаңы кеңешчи дайындалды

Өлкө башчы Садыр Жапаровдун кеңешчиси болуп Арслан Койчиев дайындалды. Маалыматты президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Арслан Капайович Койчиев Кыргыз Республикасынын президентинин кеңешчиси болуп дайындалды", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Арслан Койчиев 1965-жылы Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда төрөлгөн. 1996-2010-жылдары BBC радиосунда эмгектенген. Койчиев ишкердик, жазуучулук менен да алектенип келген.

Анын "Мисмилдирик" (Беделдеги каргыш) романы 1916-жылкы кыргыздын улуттук-боштондук көтөрүлүшүнүн тарыхына арналган. Бул роман 2010-жылы Бишкек шаарында кыргыз тилинде жарыкка чыккан.

Камчыбек Ташиев "2 айда уурдалган 3 миллиард сомго жакын каражатты бюджетке кайтардык" дейт

Жогорку Кеңештин жыйынына өкмөт мүчөсү катары УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев да катышты. Ага Депутат Нурбек Сыдыгалиев кайрылып, Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу боюнча коррупциялык иштерди карап коюуну сунуштады.

"9 жылдан бери Жогорку Кеңештин отурумуна келе электигиме байланыштуу бир аз ыңгайсыз болуп жатам" деген Ташиев бул боюнча иштер жүрүп жатканын белгиледи.

"Мен бир аз толкунданып жатам. Себеби 9 жылдан бери Жогорку Кеңештин отурумуна келе элек экем. Мага бир аз ыңгайсыз болуп жатат. Садыр Жапаров президент болуп келгенден баштап коррупция маселеси көтөрүлдү. Ар бир адам коррупцияга малынган болсо анын ээлеген ордуна карабастан, кимге караштуу болгонуна карабастан жоопко тартабыз. Биз муну баштадык. Бул жерде өтө көп мамлекеттик кызматкерлер бар. Жол боюнча 3-4 чоң коррупциялык иштер каралып жатат. Бул маселелер жөн калбайт. Ар бирин карап чыгабыз, ким уурдаса мамлекетке кайтарабыз. Түндүк-Түштүк жолу боюнча каралып жатат", - деди ал.

Ал эми депутат Аалы Карашев Ташиевден, УКМК кандай иштерди аткаргандыгы тууралуу суроо узатты.

Ташиев эл өкүлүнө 2 айда 3 миллиардга жакын уурдалган каражат бюджетке кайтарылганын белгилеп өттү.

"2020-жылдын 10 айында УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы мамлекеттик бюджетке 116 миллион сомдун тегерегиндеги каражатты кайтарыптыр. Ал эми биз ноябрь-декабрь айларында бюджетке дээрлик 3 миллиард сом кайтардык. Январь айында кайтарылган каражат жарым миллиарддан ашып калды.

Биз уурдаган аткаминерлерди алып барып түрмөгө отургузуп салалы деген ниетибиз жок. Ким болбосун уурдаган каражатын өлкө капчыгына кайтарып берсе, биз аларга карата "тергөө менен кызматташты" деген беренени колдонуп жатабыз", - деди Ташиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bolotbek9191
2021-02-04 00:45:53
Новиков дон башкасы жегичтер Ташиевда что Кун карама экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан