Жаңы өкмөт мүчөлөрү ант беришти

Бүгүн, 3-февралда Жогорку Кеңеште өкмөттүн жаңы курамы каралды. Улукбек Марипов жетектеген өкмөт мүчөлөрү дээрлик күн бою депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп, суроолоруна жооп беришти. Жыйынтыгында эл өкүлдөрү өкмөттүн жаңы курамын жактырып, президент Садыр Жапаров ага кол койду.

Жаңы өкмөттүн курамы:

  • Премьер-министр — Улукбек Марипов;
  • Биринчи вице-премьер — Артём Новиков;
  • Экономика жана финансы министри, вице-премьер — Улукбек Карымшаков;
  • Өкмөттүн аппарат жетекчиси — Жеңиш Асанкулов;
  • Тышкы иштер министри — Руслан Казакбаев;
  • Коргоо министри — Таалайбек Өмүралиев;
  • Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри — Аскар Жаныбеков;
  • Энергетика жана өнөр жай министри — Кубанычбек Турдубаев;
  • Ички иштер министри — Улан Ниязбеков;
  • Транспорт, архитектура жана коммуникациялар министри — Гүлмира Абдралиева;
  • Өзгөчө кырдаалдар министри — Бообек Ажикеев;
  • Юстиция министри — Асел Чынбаева;
  • Маданият министри — Кайрат Иманалиев;
  • Билим берүү жана илим министри — Алмазбек Бейшеналиев;
  • Саламаттыкты сактоо министри — Алымкадыр Бейшеналиев;
  • Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы — Камчыбек Ташиев.

Жаңы премьер-министр баш болгон өкмөт мүчөлөрү президенттин катышуусунда, Жогорку Кеңештин трибунасынан ант беришти.

Өкмөттүн жаңы курамынын ант берүүсүнө Садыр Жапаров келди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан