Депутат Бекешев: "Курсан Асанов эч жакка качпайт, үй камагына чыгаруу керек"

"Бир адам бүтүндөй Ички иштер министрлигин кантип басып алганын түшүнбөйм", - деп бүгүн, 4-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.

"Ал басып алуу үчүн камалса, анда ошол күндөрү ар кандай мамлекеттик объектилерди басып алгандардын бардыгы камалсын. Курсан Асанов бул жерде депутаттар менен он жыл иштеген. Ал эч жакка качпайт. Аны үй камагына чыгарыш керек", - деди депутат.

Курсан Асанов Жазык кодексинин 245-беренесинин 1-пункту (имаратты басып алуу) боюнча айыпталууда. Ал 26-январда кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан