"Манас" эл аралык аэропортунун мурдагы төрагасы Эмир Чукуев кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Чукуев Түркиянын "Gata havayollari ve tasimacilik" компаниясына эл аралык жүк ташууда жеңилдиктерди берген деп айыпталууда. Мындан улам мамлекет ири өлчөмдө зыянга учураган.
8-февралда Ленин райондук сотунун чыгарган чечими боюнча Чукуев 6-апрелге чейин СИЗО-1ге камакка киргизилет.
Эске сала кетсек, буга чейин Башкы прокуратура "Манас Менеджмент Компани" ЖЧКсынын жооптуу адамдары тарабынан чет элдик компанияга жүк ташуу үчүн жеңилдиктерди берүү боюнча фактыларды аныкташкан.