Жаныбарлардын ээлери үчүн эң ыңгайлуу деп эсептелген Европанын шаарлары аныкталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, аталган рейтингди жыл сайын Британиянын ири онлайн кызматы 8 критерийге карап түзүп чыгат. Тактап айтканда, ветеринардык клиникалардын, үй жаныбарларын сатуучу дүкөндөрдүн, атайын сулуулук салондорунун жана ээси иш сапарында же өргүүдө жүргөн учурда таштап коё турчу үй жаныбарлары үчүн мейманканалардын саны эске алынган. Ошондой эле баалоо төрт буттуу меймандарга уруксат берилген ресторандар менен сейил бактардын бар болушу, жаныбарлар менен чогуу жашай турган ижарага алынган батирлердин саны, коомдук транспортто иттер менен саякаттоо мүмкүнчүлүгү, жайдын жана кыштын орточо температурасына карап жүргүзүлгөн.
Жыйынтыгында, жаныбарлардын ээлери үчүн эң ыңгайлуу шаар наамы Лондонго берилген. Бул шаарда атайын жаныбарлар менен сейилдөөгө ыңгайлашкан сейил бактар арбын, көптөгөн жаныбарлар дүкөндөрү, ээлери жана алардын үй жаныбарлары үчүн ыңгайлуу коомдук транспорт бар. Экинчи орунду алган Парижде үй жаныбарларынын сулуулук салондору көп. Ал эми үй жаныбарларын сатуучу дүкөндөрдүн саны менен белгилүү болгон Рим үчүнчү орунда.