Президенттик аппарат Садыр Жапаров менен Өмүрбек Бабановдун жолугушуусунун себебин айтты

Бүгүн, 10-февралда президент Садыр Жапаров менен Өмүрбек Бабанов жолугушарын SUPER.KG порталы өздүк булактарына таянып жазган.

Президенттик аппараттын басма сөз катчысы Галиева Байтерек бул маалыматты тастыктады.

Анын айтымында, жолугушууда өлкөгө инвестиция тартуу маселеси тууралуу сүйлөшүшөт. "Менин угушум боюнча Өмүрбек Бабанов инвесторлорду чакырып жатат. Ал инвестициялык экономикалык долбоор сунушташы мүмкүн", - деди ал.

Саясатчы Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоодо талапкерлигин койбой, Садыр Жапаровду колдой турганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан