Казакстандын Караганды шаарында агасын бычактап койгон 52 жаштагы аялга карата соттун чечими чыгып, 6 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, окуя өткөн жылы май айында болгон. Анда 52 жаштагы аял агасы менен арак ичип отуруп, сөз талашып, жаңжалдашып кетишет. Ачууга алдырган аял агасына бычак шилтеп жиберген.
Эркек киши алган жаратынан улам окуя болгон жерде көз жумган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, териштирүү иштеринин жыйынтыгында аял жасаган кылмышын моюнуна алган. Мындан улам сот аялды алты жылга камоо чечимин кабыл алган.