Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп Бактыбек Кудайбергенов дайындалды.
Аталган чечимге премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.
"Премьер-министр Улукбек Мариповдун башка чечими менен Нургазиев Эрмек Белековичти Бишкек шаарынын жаңы мэри шайланганга чейин Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу катары дайындоо тууралуу чечими жокко чыгарылды", - деп жазылат билдирүүдө.
Бактыбек Кудайбергенов буга чейин өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү, Ысык-Ата районунун акими болуп иштеген. 2020-жылы "Кыргызстан" саясий партиясы менен бирге шайлоого аттанып, талапкерлигин койгон. Айрым социалдык тармактын колдонуучулары Кудайбергеновдун талапкерлигине каршы пикирлерин жазышууда. Ал аталган партиядан талапкер болгонуна нааразы болгондор да бар.
Буга чейин мэрдин милдетин аткарып келген Балбак Түлөбаев кызматтан кетип, анын ордуна Эрмек Нургазиев жетекчи болгондугу кабарланган. Кийинчерээк президент Садыр Жапаров Нургазиевдин мэр болуп келишине каршы пикирин социалдык тармактагы баракчасына жазган.
Депутат премьер-министрди мэрдин милдетин аткаруучуну дайындоодо мыйзам бузбоого чакырдыДепутат Кенжебек Бокоев премьер-министрди мэрдин милдетин аткаруучуну дайындоодо мыйзам бузбоого чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 10-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Социалдык тармактарда Бактыбек Аманбаев Кыргыз мамлекетинин АКШдагы элчиси кызматына барат деген маалыматтар айтылууда.
Бактыбек Аманбаев SUPER.KG порталына бул боюнча сунуш түшкөнүн ырастады. "Бул татаал процесс. Мага бул кызматка баруу сунушу болгон. Бирок мунун механизми чечиле элек. Бир катар иш-чаралар аткарылышы керек", - деди ал.
Буга чейин Бактыбек Аманбаев өкмөттүн аппаратынын жетекчиси кызматын ээлеп келген. Ал өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөндө кызматтан бошотулган. Ал 2020-жылы парламенттик шайлоого "Мекенчил" партиясы менен аттанган.
Жогорку Кеңеш кийинки аптада жаңы Конституцияны талкуулашат
Кийинки аптада Жогорку Кеңеште Конституциянын жаңы долбоору талкууланат. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда парламенттин жыйынында спикер Талант Мамытов билдирди.
"Баш мыйзамдын долбоору конституциялык кеңешмеден келип түштү. Кийинки аптада бул маселени карап чыгуу сунушу келди. 17-февралда демилгечилер эки маселе каралып бүткөн долбоорду карайбыз. Кулактандыруу катары айтып коёюн", - деди ал.
Жогорку Кеңештин сайтына Конституциянын жаңы долбоору илинди. Былтыркы жылы 17-ноябрда Жогорку Кеңеш Баш мыйзамдын жаңы долбоорун коомдук талкууга коюп, 20-ноябрда конституциялык кеңешме түзүлгөн болчу.