"Учкуч күнөөлүү". Баскетбол жылдызы Коби Брайанттын тик учагынын кулашынын себеби белгилүү болду

АКШнын Улуттук транспорт коопсуздугу кеңеши "Лос-Анджелес Лейкерс" баскетбол клубунун легендарлуу оюнчусу Коби Брайанттын өлүмүнө алып келген тик учактын кыйроосунун себебин аныктады. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, тик учактын учкучу Ара Зобаян учуп бара жатып булуттардын арасынан багытын жоготкон. Бул учуу стандарттарын бузуу болуп саналат. Учкуч учуу эрежелери боюнча ал кайда бара жатканын көрүшү керек болчу. Транспорт коопсуздугу кеңеши тик учактын механикалык жактан бузулган белгилерин тапкан эмес.

2020-жылдын 27-январында баскетбол жылдызы Коби Брайант 13 жаштагы кызы Жианна менен чогуу Калифорния штатындагы Калабасас шаарына жакын жерде тик учак кырсыгынан каза болгон. Тик учак кырсыгынан борттогу 9 адамдын баары тең каза болушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан