Казакстанда пандус жоктугунан эки колу менен жер таянып кирген мүмкүнчүлүгү чектелген адамдын видеосу талкуу жаратты

Интернет желесине ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдын видеосу тарагандан кийин Казактандын "Нур Отан" партиясы "Казпочтанын" Караганды облусундагы бардык филиалдарын текшере тургандыгы айтылды. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазышууда.

Белгилей кетсек, буга чейин интернетке эки буту жок ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандын пандус жоктугунан улам почта имаратына эки колу менен жер таянып эмгектеп кирип бара жаткан видеосу тараган. Аталган тасма коомчулуктун көңүлүн буруп, көпчүлүктү нааразы кылган.

Видео социалдык тармакта тарап кеткен соң "Казпочтанын" кызматкерлери тасманы тарткан адам менен байланышып, ишкананын кире бериши талапка жооп бербей тургандыгын ырастаган. Ошондой эле, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн быйылкы жылдын эсебинен пандус жасатуу каралгандыгын кошумчалаган.

Казактсанда пандус жоктугунан эки колу менен жер таянып кирген мүмкүнчүлүгү чектелген адамдын видеосу талкуу жаратты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sabyr86
2021-02-11 08:56:24
Бизде дагы жок коп жерде.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан