Башкортостан 53 жаштагы аялды өлтүрүп, сөөгүн кудукка таштап салганга шектелип Кыргыз жараны кармалды

Орусиянын Башкортостан аймагында адам өлтүрүүгө шектелип, Кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 53 жаштагы Любовь аттуу аял аталган шаарда өзүнүн кийим саткан дүкөнүн иштетчү. Ал 2020-жылдын жай мезгилинен бери дайынсыз болуп изделип жаткан.

"Кийин полиция кызматкери аталган кылмышка шектүүнүн изине түшүп, аны кармашкан. Ал К.С. аттуу Кыргыз жараны экендиги аныкталган. Ал жеке ишкер менен чогуу товар менен иштешип жүргөн. Тергөө иштеринин натыйжасында кырсык болгон күнү алардын ортосунда пикир-келишпестиктер болгону белгилүү болгон. Ишкер аял товардын сапатына канааттанбай, анын баасына келише алышкан эмес. Уруштун айынан аталган Кыргыз жараны аялды думуктуруп өлтүрүп, сөөгүн кудукка жашырып койгон. Андан соң айыпталуучу Уфа аймагына качып кеткен. Ал сот отурумунда күнөөсүн моюнга алып, үй камагына чыгаруусун өтүндү", - деп жазылат маалыматта.



Башкирияда жергиликтүү тургунду өлтүрүп, сөөгүн кудукка жашырган. Кылмышка шектелип Кыргыз жараны кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Gulina90
2021-02-11 10:57:18
Э кудай талаа жеринде жон журбойбу.
+6
Royal88
2021-02-11 11:34:17
Кыргыз паспортун алган озбек жараны окшойт го бул
+8
SHahabidin-jabborov
2021-02-11 11:47:20
Royal88,биз кыргыздар кылмыш кылбайбызпериштебыз..башка улуттар кыргыз паспорт алыб ар дайым ошондай кылыб журот
-2
nazira...
2021-02-11 12:19:53
SHahabidin-jabborov,кыргызча түүра жазчы, периште.
+4
AdylbekB84
2021-02-11 13:09:18
SHahabidin-jabborov, Кыргызстандык өзбекти өзбек экен дейби, бул жерде эч ким улут бөлгөн жок! Баардык эле элде бар мындай мыкаачылар, ушинтип сүйлөгөн сөздөн башталат баардык нерсе! Өзүң өзбек болуп туруп биз кыргыздар дебей эле сүйлөй бер!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан