Атаандашынын башы болчу. Японияда мүйүзүнө экинчи бугунун башы чырмалып калган бугу байкалды (видео)

Япониянын Хоккайдо аралында мүйүзүнө башка бир бугунун башы чырмалып калган бугу байкалды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, алгач бугунун сүрөтү интернет барактарына чыкканда көпчүлүк ишенбей, бул жөн гана жасалган сүрөт деген бүтүмгө келишкен. Бирок көп өтпөй бугунун видеосу жарыяланган. Анда анын мүйүзүнө башка бир бугунун башы мүйүзү аркылуу чырмалып калганын көрүүгө болот.

Видеону тарткан адамдар бугунун мүйүзүнө чырмалып калган баш анын атаандашына таандык экенин айтышкан. Эки бугу салгылашкан учурда экөөнүн мүйүздөрү чырмалып, күчтүүрөгү экинчисинин мүйүзүн башы менен кошо жулуп алганы жазылган.

Жаныбарларды коргоочулар бугуну уктатып туруп, экинчи бугунун башын алып салуу керектигин айтышкан. Көпчүлүк интернет колдонуучулар мындай көрүнүштү алар коркунучтуу тасмаларда гана элестеткендерин айтып чыгышкан.

Япониядагы эки баштуу элик
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Kudi
2021-02-11 15:04:07
Мүйүздүн астынан аралап койсо түшүп калатго башы аны жүк кылбай
-1
algakaray
2021-02-11 15:38:35
Толгоп жулуп алган турбайбы. Мындай учур коп кездешет экен. Аралап чыгарган видеосун да корсоткон.
+1
aizbek
2021-02-12 00:56:57
Чырмалышканы корунбойтго,жабыштырып койгондойго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан