Кытай Эл Республикасынын башчысы Си Цзиньпин АКШнын президенти Жо Байден менен телефондон сүйлөшүүсүндө, Бээжин-Вашингтон мамилесин жакшыртуу ниетин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Сүйлөшүүдө Си Цзиньпин, АКШ-Кытай мамилеси өтө татаалдашып баратканын, мамилелердин жакшырышы эки өлкө үчүн эле эмес, бүт дүйнө үчүн маанилүү экенин айтты.
"Эл аралык кырдаал түпсүз туңгуюк шарттарында турганда, Кытай менен АКШ БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрү катары көп жагдайды чечүүдө орду чоң. Биз "Азия-Тынч океан" келишиминде каралган аймактык тынчтыкты жана туруктуулукту коргоого милдеттүүбүз. Эл аралык тынчтыкка жана өнүгүгүүгө тарыхый салым кошууга тийишпиз",- деп билдирген Кытай башчысы.
Ал эми Байден баарлашуу учурунда өзүнүн артыкчылыктуу багыты АКШ элинин коопсуздугун, гүлдөп өнүгүшүн, ден соолугун, эркиндигин, ошондой эле Индия-Тынч океан аймагын коргоо экендигин баса белгиледи.
Соңунда өлкө башчылары эки тараптуу мамилелерди жакшыртуу боюнча тыгыз байланышта болууга макулдашып, бул алгачкы сүйлөшүүнү бүткүл дүйнө үчүн "позитивдүү коңгуроо" деп аташты.