Белгилүү казак ырчысы Димаш Кудайбергенов чыгармачылыгын АКШда улантат

Казак ырчысы Димаш Кудайбергенов АКШга кетерин жарыялады. Ал бул туурасында англис тилдүү басылмалардын бирине маек берип жатып билдиргенине таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Ырчынын айтымында, ал мындай кадамга карьерасын өстүрүү максатында барууда.

"Мен АКШда бир аз убакыт өткөрүүнү пландап жатам. Себеби, АКШ музыка талаасынын ордосу болгондуктан, ал жакта чыгармачылыкты жайылтуу жана өркүндөтүү оңой. Бул сыяктуу тажрыйба менде Кытайда үч жарым жыл жашаган учурда болгон. Бирок, менин сүйүктүү жерим үй-бүлөм кайсыл жакта болсо, ошол жак", - деп билдирген ал.

Димаш Кудайбергеновдун күйөрмандары Инстаграм баракчасына анын АКШда чыгармачылыгын өркүндөтүү идеясын колдошуп, ой-пикир калтырышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
rysik79
2021-02-13 10:29:31
Кызыктырбайт айга барса дагы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан