АПТАСОБОЛ: Президент ылайыксыз кадрлар келсе, саат сайын алмашыш керектигин айтты. Ылайыктуу кадрлар келиш үчүн кандай аракеттер көрүлүшү керек?

Кечээ, 11-февралда президент Садыр Жапаров Коомдук телерадиоберүү корпорациясына маек берген. Анда ал Эрмек Нургазиев мэрдин милдетин аткаруучу болгонго чейин анын былык иштерин билген эместигин айтты. Муну трагедия кылуунун кереги жоктугун билдирди. Ал кадрлар күн сайын эмес, саат сайын алмашыш керектигин белгиледи.

9-февралда Бишкек шаарынын мэринин милдетин болуп Эрмек Нургазиев дайындалганы кабарланган. Бирок арадан 4 саат өтпөй анын мэрлик кызматтан кеткени желдей тарап, президент Садыр Жапаров да Нургазиевдин мэр болушу жөнүндө оюнан кайтканын соцтармактагы баракчасына жарыялаган.

SUPER.KG порталы "Президент ылайыксыз кадрлар келсе, саат сайын алмашыш керектигин айтты. Ылайыктуу кадрлар келиш үчүн кандай аракеттер көрүлүшү керек?" деген собол салды.

Депутат Аалы Карашев: "Кадрлар тажрыйбасына, кесипкөйлүгүнө каралып, кызматка коюлса туура болот"

Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев президенттин кадрларды саат сайын алмаштырыш керек дегенин түз кабыл албоо керектигин белгиледи.

"Кадрларды кызматка коюу үчүн тандоо алдында терең көп тараптуу изилдеш керек. Ким, кайда иштеген деп талдап чыгуу шарт. Сөзсүз түрдө кадрды кызматка дайындаганда мүмкүнчүлүккө жараша иш тажрыйбасы бар, кесипкөй адамдарды тандоо зарыл. Ошондо кадрларды кайра-кайра алмаштыруу басаңдайт эле. Президент кадрларды саат сайын алмашыш керек деп айтканын түз кабыл албоо керек. Ал киши кадрлардын мүчүлүштүк кетирген жоруктары болсо алмаштырыш керек деген ойду айтты болуш керек", - деди ал.

Коомдук ишмер Кеңешбек Дүйшөбаев: "Кадрлар бат-баттан алмашса мамлекеттик башкаруу системинде башаламандык болот"

Коомдук ишмер Кеңешбек Дүйшөбаев кадрлар бат-баттан алмашса мамлекеттик башкаруу системинде башаламандык боло турганын айтты.

"Эгерде саат сайын кадрлар алмаша турган болсо мамлекеттик башкаруу системинде башаламандык болот. Мамлекеттик башкаруу системинде кадрлар башаламандыгы болсо мамлекет туңгуюкка барат. Андай боло турган болсо мамлекетибиз чоң утулушта болот. Мурда кадрларды тандоо боюнча систем бар эле. Ошонун баарын талкалап салышты. Акыйкат, тыкан караш керек. Мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин учурунда өкмөттү оптималдаштыруу жөнүндө сөз болгон. Бирок алар ошонун баарын талдап чыгышыбыз керек деп билдиришкен. Анткени мамлекеттик түзүмдү, кадрларды азайта турган болсок компенсация төлөнүп берилиши керектиги айтылган. Бул нерсени бюджетибиз көтөрө албайт, акырындык менен жасаш керек дешкен. Ошондуктан кадрдык системди тыкан караш керек", - деди ал.

Депутат Максат Сабиров: "Ар ким сунуштаган адамдарды кызматка алып барбаш керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров кадрлар саат сайын алмашпаш үчүн мамлекеттик кадр кызматы иштеш керек деген пикирин айтты.

"Мамлекеттик кадр кызматы бар да. Кадрларды тандоо боюнча комиссия бар. Ошол жерде сынактан өтүп, резервде тургандар болот. Ошолордун ичинен караш керек. Тийиштүү органдар кызматка келе турган адамды текшериши зарыл. Ошол тармакты оңдоо шарт. Тууганчылыкты, таанышчылыкты салып кызматка орношуп алгандар болот. Ар ким сунуштаган адамдарды кызматка алып келбеш керек. Адистерди кызматка алып келүү зарыл. Кадрлар саат сайын алмашпаш үчүн ушундай жолго баруу абзел", - деди Сабиров.

Саясатчы Бектур Асанов: "Кадрды кызматка дайындоодо анализдеп, атайын кызматтардан маалыматтарды алыш керек"

Саясатчы Бектур Асанов кадрларды саат сайын алмаштыруу бийликтин аброюна шек келтире турганын айтты.

"Президенттин минтип айтканы туура эмес. Бир кадрды дайындоодо анализдерди жүргүзүп, атайын кызматтардан маалыматтарды алыш керек. Анан шашпай анализденгенден кийин аны кызматка коюш керек. Бул оюнчук эмес да. Мамлекеттик мамиле деген болот. Мындай көрүнүш президенттин бийликтеги тажрыйбасынын жоктугунан болуп жатат. Саат сайын кадрларды алмаштыруу бийликтин аброюна шек келтирет", - деди ал.

Депутат Марлен Маматалиев: "Кадрлар электен өтүп кызматка барышы зарыл"

Депутат Марлен Маматалиев кадрлар резерви түзүлүп жатканын белгиледи.

"Кайсы кадр болбосун алардын бардыгы тийиштүү органдардан, андан кийин Мамлекеттик кадр кызматынан сынактан өтүшү керек. Келечекте мамлекеттик кызматкерлердин өзүнүн атайын буга чейин кандай жумуштарды аткарганы боюнча рейтингдер берилип, аткарган жумушу боюнча рейтинг жүрүп туруусу зарыл. Бул база аягына чыгып калса ар бир кызматкерге кесиби боюнча баа берилип турган систем керек. Мындан ары кадрлар резерви дагы түзүлүп жатат", - деди ал.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев: "Мамлекетте кадрлар бат-баттан алмашса, өлкөдө туруксуздук пайда болот"

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев сынак аркылуу кадрлар дайындалышы керектигин айтты.

"Кадр тандоонун дүйнө жүзүндө иштелип чыккан жолдору бар. Сынак жарыяланышы керек. Анда ошол кызматка кандай адамдар келиши керектиги жазылышы зарыл. Бул жерде татаал эч нерсе деле жок. Талапка жооп берген адамды кызматка алыш керек. Анан баланчалар мактады эле деп кызматка дайындаган болбойт. Мамлекетте кадрлар бат-баттан алмашса өлкөдө туруксуздук пайда болот. Себеби мамлекеттин туруктулуугу бийликтин туруктуу иштешине жараша болот", - деди ал.

Экс-депутат Алишев Мамасалиев: "Президент же премьер-министр тандаган саясий кадрлар мамлекет башчыга болгон ишенимге таасир этет"

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алишер Мамасалиев президент же премьер-министр тандаган саясий кадрлар аларга болгон ишенимге таасир этерин айтты. "Президент же премьер-министр тандаган саясий кадрлар - алардын кесиптик сапаттары, саясий репутациялары сөзсүз түрдө мамлекет башчыга болгон ишениминин деңгээлине таасир этет. Тарых көрсөткөндөй, мындай ишенимдин чеги болот. Биздин учурда, бул бир жыл деп ойлойм. эксперттик коомчулукту тарта баштоо жана кадрлар жана башкару үчүн аналитикалык борборлорду түзүүнү президентке сунуштайм. Алардын жардамы менен тез арада президенттик команданы түзүүгө киришүү керек", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан