Өзбекстанда каракчылар аялдын 4 миң долларлык чачын уурдап кетишти

Коңшу Өзбекстандын Фергана облусунда аялдын 4 мүшөк чачын каракчылар уурдап кетишти. Бул тууралуу аталган өлкөнүн ички иштер башкармалыгына таянуу менен жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, үч адамдан турган тоноочулар тобу К.З. аттуу аялдын 70 килограмдык чачын жер төлөсүнөн уурдап кетишкен. Аялдын чачы 4 капка салынуу болгон жана анын баасы 44 миллион 100 миң сум (4 миң 100 доллардан ашык) бааланган.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, учурда шектүүлөрдү издөө иштери жүрүп жатат. Уруулукка шектүүлөр кармалса, 5 жылга чейин эркинен ажыратылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Moskva93
2021-02-13 03:31:19
Чач сатам
0
Raik
2021-02-14 18:09:05
Өзбекстандан лөлүлөр КРга чейин келип, тарагандан калган, кыркылган чачтарды үймө уй кыдырып, идиш аяка (жаны) алмаштырып кетишет. Кыязы ошолордун топтогон чачтары го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан