Ленин районунун башчысы Чынасыл Чыныбаев "Ош базарында" көчөдө соода кылган, базарды иретке келтирүү учурунда товар жайган арабасын бербей жаткан видеосу тараган Алмакан аттуу аял менен жолугушту. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө соодагер аял Чыныбаевге Бишкектин Ленин районунда жашай турганын, шаар ичинде туруктуу каттоосу жана документтери жоктугун айтып берген.
"Баарлашуу учурунда район башчысы Алмакан айымга Ленин районуна туруктуу каттоого тургузууга, документтерин алууга жана мындан ары муниципалдык администрация социалдык жактан колдоо көрсөтөрүн билдирди. Ошондой эле, Алмакан айымга "Ош базарынын" ичинен соода оруну сунушталды",- деп жазылат маалыматта.